У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Отунбаева: Министр Кашкар Жунушалиев иштен кетиши керек


Экс-президент Роза Отунбаева Кашкар Жунушалиев жетектеген Ички иштер министрлигинин 8-марттагы аялдар маршына каршы аракеттерин сындап, министрдин кызматтан кетишин талап кылды.

Мындай пикирин экс-президент 10-майда Уркуя Салиева атындагы аянтта аялдардын укуктарын коргоо акциясы учурунда айтты.
Бул туурасында: «Жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга ички иштер министри жооптуу. Ал кызматтан кетиши керек. Кыргызстандын абийирин төгүп аткан бир министр жана анын командасы болуп жатат», - деп билдирди. 

Отунбаеванын айтымында, 8-майда тынчтык жүрүшкө чыккан аялдарга милициянын мамилеси Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө уят кылды, эгемендик жылдарынан бери күрөшүп жеткен демократиялык баалуулуктарга шек келтирди.

Бүгүн Уркуя Салиева атындагы «Революция каармандарынын» эстелигинин жанында аялдардын укуктарын коргоо акциясы өтүп, анда «Зордук-зомбулукка каршы!», «Эки жүздүүлүккө каршы!» деген өңдүү ураандар чакырылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter