У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БИРИМДИК №1: Билимдүү эл – эркин эл. Ѳлкѳнү колдо!

     
        Эркин ѳлкѳдѳ, билимдүү жарандардын коомунда жашагыңыз келеби? Балдарыңыздын кыялдары ишке ашуусун каалайсызбы? Татыктуу билим албай калгандан улам, алардын  таланты ачылбай калуусун каалабайсызбы? ЖОЖду бүткѳндѳн кийин мигрант болуп сыртка кетип калбай, Мекенинде, үй-бүлѳсүнүн жанында кесиптик жактан ѳсүшүн каалайсызбы? Анда «БИРИМДИК» №1 партиясына добуш бериңиз!

      «БИРИМДИК» №1 билим берүүнү мамлекеттин милдетине ѳткѳрүүнү сунуш кылат. Анткени, билимдүү коом гана ийгиликтүү, прогрессивдүү болот, чындыкты айта турган болсок, билимдүү эл гана эркин боло алат. 

     «БИРИМДИК» №1 билим берүү системасын модернизациялап, бирдиктүү стандартты түзѳт. Кыргызстандын бардык жарандарынын балдары үчүн билим берүү жеткиликтүү болот. Бул ѳтѳ маанилүү, себеби, билим – бул биздин аң-сезимди калыптандырат. Билимден биздин коом, биздин келечек кѳз каранды. 

     Сиз билим берүү тармагында иштеп, кесиптик кадыр-барк туурасында эмес, кантип ѳлбѳстүн күнүн кѳрүүнү ойлоп жатасызбы? Анда «БИРИМДИК» №1 партиясына добуш бериңиз!

     «БИРИМДИК» №1 – мугалимдин  аброюн жогорулатып, алардын социалдык-турмуштук керектѳѳлѳрүн канааттандырат. Биз мугалимдерге – алардын  “мугалим” улук аттарын ыйык сактоого мүмкүнчүлүк беребиз. Батирдин ижара акысын кантип тѳлѳйм, балдарымды кантип кийинтем деген сыяктуу   түйшүктѳргѳ батууга жол бербейбиз. Материалдык-техникалык база, каржылык жактан камсыз кылуу толугу менен мамлекеттин мойнунда болот. 

      Педагогдор акчаны кайдан табууну эмес,  сабак ѳтүүнүн методологиясын кантип жакшыртабыз, балдарга канткенде сапаттуу билим беребиз деген нерселерди, муундардын тажырыйбаларын үйрѳнүүнү, моралдык принциптерди карманууну ойлоп калышат. 
«БИРИМДИК» №1 партиясын колдоо менен сиз билим берүү чѳйрѳсүндѳгү реформаны колдоп, мугалимдерди, балдарыңыздын татыктуу билим алууга болгон укуктарын коргойсуз. 

Жекшембиде саат 8:00дѳн кечки 20:00гѳ чейин шайлоо участокторуна келип, шайлоо бюллетениндеги   №1-«БИРИМДИК» партиясына добушуңузду бериңиз. Туура тандоо кылыңыз!

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter