У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


КРнын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, айтылуу журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев 11-апрелде 72 жашында дүйнө салды


 Баратбай Аракеев 1950-жылы 5-июнда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында төрөлгөн. Аталган айылдын орто мектебин аяктап, аскерде эки жылдык кызматын өтөп келген соӊ, Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин 1980-жылы бүткөн. Ошол студент кезинде эле дүйнөлүк адабият, дүйнөлүк саясат, ар кандай маанилүү окуялар тууралуу кеп-сөз болуп калганда Аракеев алдына киши чыгарчу эмес экенин курсташтары эскерип айтып келишет.
 
Аракеев жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин “Мектеп”, “Адабият” басмаларында 1986-жылдарга чейин эмгектенген.  Ошол жылдардан тартып кыргыз журналисткасына аралашып, Кыргыз улуттук телевидениесинде иштеп баштаган. Ал башкы теле каналда бат эле көзгө басар журналисттердин катарын толуктап, өз алдынча: “Кадырман карыларым”, “Калемгер”, “Мен чилистен” сыяктуу автордук берүүлөрдү көгүлтүр экранга чыгарып, коомчулуктун сүйүктүү тележурналистине айланган. Катардагы журналисттен өсүп-өнүп олтуруп, КТРдин ошол кезде 50 адам эмгектенген “Адабий — драмалык” редакциясынын башкы редактору (азыркыча айтканда продюссери) болуп 5 жыл эмгектенген.
 
1997-жылдардан тартып, маркум Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитинде саясый баяндамачы болуп иштеп баштаган. Мына ошол гезитте ал: Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Султан Жумагулов, М. Сабыров, К. Оторбаев ж.б. белдүү журналисттер менен эмгектенген. Аракеевдин калемине таандык криминал, сүйүү, детектив жанрындагы повесттери да гезитке сандан-санга жарыяланып, окурмандардын бүйүрүн кызытып турган.
 
2009-жылдан тарта: "Форум", "Эл сөзү", “Фабула”, “Багыт кж” гезитинде иштеп, кыргыз саясатындагы тескери көрүнүштөрдү, экономика, коррупция, маданият багытындагы курч темаларды “Абал ушул” жана “Кадам ушул” деген темалар менен көзгө сайгандай жазып келген. Жазуу стилиндеги эч кимдикине окшошпогон өзгөчөлүктү, чыркыраган чындык окурмандарын эсинен чыга элек.
 
Баратбай Аракеевдин жазуучу катары тааныткан алгачкы повесттери, аӊгемелери союз тарганча эле чыгып баштаган. Андан бери: “Кайырылчы өмүр”, “Чаӊдагы гүл”, “Айсалкын”, “Мен сага өлүм алып келем”, “Мент”, “Менин жазым”, “Түбөлүккө кеткен жол”, «Боронбайдын көр дүйнө» ж.б. аталыштагы китептердин автору болду.   
 
Анын калемине таандык “Чал күйөө” деген аӊгеменин негизинде режиссёр Асанкожо Айткиеев “Сокур кемпир көрөгүч” аттуу кино тарткан.  
 
Баратбай Аракеевге окшогон инсандар сейрек. Чынында бул инсандын чыгармачылыгы да, эне сүтү менен бүткөн кулк-мүнөзү да такыр башкача эле. Ташкындаган таланты чыгармаларынан, ар бир жазган аналиткалык макаласынан көзгө сайгандай көрүнүп турчу. Биз Аракеевди кыргыз журналистикасында өзгөчө феномен деп баса белгилеп айтсак жаӊылбайбыз. Кыргыздын   чыгаан уулу 13-апрелде өз айылында акыркы сапарга узатылат.


Пикир калтыруу
ในสมัยนี้ เชื่อว่าทุกท่านนั้นจะต้องประสบพบเจอกับปัญหาว่างงานหรือมีปัญหาเรื่องเกี่ยวกับการ
เงินอย่างแน่แท้ ด้วยเหตุว่าไม่ว่าจะเป็นเศรษฐกิจที่ตกต่ำ ไม่อาจจะดำเนินงานหาเงิน วันนี้ทางslot เว็บตรงมีวิธีการหาเงินกล้วยๆกับการเล่นสล็อตออนไลน์ที่เป็นเกมออนไลน์หาเงินได้จริ
ง สามารถหาเงินออนไลน์ได้ทุกหนทุกแห่งตลอดวัน 24 ชั่วโมง ซึ่ง g2gbk8 เป็นเว็บตรงไม่ผ่านเอเย่นต์มีความปลอดภัยถูกตามกฎหมายคาสิโนสากล ยืนยันจากผู้เล่นจริงทั่วทั้งประเทศ คนไทยสามารถหารายได้ง่ายๆ โดยทาง g2gbk8 นั้นมีค่ายเกมสล็อตโจ๊กเกอร์เว็บตรงไม่ผ่านเอเย่นต์,pg slot ค่ายตรง,xoslot เว็บตรง,ซุปเปอร์สล็อต เพียงแค่สมัคร slotxo เว็บตรงกับทาง g2gbk8 ที่เป็นเว็บสล็อตเว็บตรง ซึ่งไม่ผ่านตัวแทนหรือตัวกลางใดๆเล่นslotได้โดยตรงกับค่ายเกม มีเกมslotให้เลือกเล่นมากยิ่งกว่า 200 เกม แล้วก็ยังมีบริการต่างๆมากมายที่จะเพิ่มความสะดวกสบายให้กับสมาชิกสล็อตเว็บตรงไม่ผ
่านเอเย่นต์ ไม่ว่าจะเป็นการฝาก-ถอน ไม่มีขั้นต่ำและมีความรวดเร็วประเมินผลด้วยระบบอัตโนมัติ มีความแม่นยำสูง ไม่จำเป็นต้องส่งหลักฐานการโอนให้กับทางผู้ดูแลให้เสียเวลา หรือจะเป็นโปรโมชั่นแจกเครดิตฟรี50% หรือจะเป็นโปรฝาก 50 รับ 200 คนไทยสามารถหารายได้ออนไลน์ได้แล้วที่เว็บตรงไม่ผ่านเอเย่นต์เปิดใหม่ slotxo เว็บตรงไม่ผ่านเอเย่นต์
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter