У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Ушундай чечим кабыл алган биз биринчи жана акыркы үй-бүлө эмеспиз". Асел Кадырбекова жолдошу менен ажырашканын тастыктады


Ырчы Асел Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип менен ажырым жолго түшкөнүн өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу көп жолу кыйыткан. Түгөйлөр чогуу жашабай жатышканы бардыгына маалым эле. Бирок кечээ ырчы Нурлан Насип жубайы, кызы менен Түркияда бирге жүргөнүн жарыялап, көпчүлүктү кубандырган эле. Бардыгы эки жашка бакыт калап жатышкан. Бирок ырчы Асел Кадырбекова кубанып жаткан күйөрмандарына алардын тилегине каршы жооп узатты: 

"Бизге бакыт каалаган ар бириңиздер үчүн, рахмат. Менимче, бул нерсени  ар ким өзү каалагандай кабылдайт деп ойлойм.  Бирок биз кызыбыз үчүн ар дайым жакшы мамиледе болобуз! Ал иш менен келип, жаңы клибине кызын тартууну чечти жана кызына келди. Мен да аны колдодум. Бул темага байланыштуу маалымат каражаттарынан жана тааныштардан суроолор өтө эле көп болууда. Тема жабык деп үмүттөнөм! Мындан ары  бул теманы таптакыр ачкым келбейт! Бардыгы  түшүнүктүү деп ойлойм. Тагдырын ушундай жол менен чечкен биз биринчи да, тилекке каршы акыркы да үй-бүлө эмеспиз. Бул чечим эки тараптуу. Жөн гана бизди колдогула, ашкере сындабагыла. Бешенеге жазылганын көрөбүз" дейт ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter