У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Калысбек Айтбаев, ырчы: «“Өмүр” деген ырдын күйөрмандары мен ырдап чыкканча эле көп болчу...”


Кайсы гана тармак болбосун иштин майын чыгарсам деп дилгирленген жаштардын арбып бара жатканы көңүл сүйүнтөт. Шоу бизнесте, кыргыз эстрадасында өзүмдүн ордумду тапсам деп аракет кылып, ырлары аз-аздан эл оозуна алынып, аксакалдардын батасын алып, ийгиликке карай бара жаткан таланттуу ырчы Калысбек Айтбаевди кепке тарттык. 


-    Калысбек, "Өмүр" аттуу ырыңдын күйөрмандары көп болсо керек. Ырга оригиналдуу клип да тартылыптыр. Жаралуу тарыхы, клиптин илеясы жөнүндө кененирээк маалымат берсең...
-    Эң биринчи сиздердин жалпы жамаатты кирип келген  2020-жаңы жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.   Ал эми ыр боюнча айтсак, “Өмүр” деген ырымдын күйөрмандары чынында аябай көп. Тактап айтканда, мен ырдаганга чейин эле көп болчу. Себеби ырдын авторлору жөн эмес адамдар болгондуктан элге сиңирип коюшкан. Ал эми мен аткаруучу катары айтсам, мен ырдагандан кийин да көп адамга жеткизе алдым жана көп адамдардын эсине түшүрө алдым. Эң башкысы жүрөктөгү жашоого болгон сүйүү сезимин ойготууга аракет кылганбыз. Анан да анча-мынча чакыруулар менен барып, күйөрмандардын каалоосун аткарып жатканыбыз сүйүнтөт. Эл үчүн жаралган мырза болгум келчү. Буйруса ушул жол менен бара жатабыз...Ырдын клиби көп эмгекти талап кылды. Операторлук кызматты мыкты клипмейкер  Бекзат Маманов агам жана режиссердук кызматты айтылуу актер, Эркин Эгенбердиев аткарды. Клиптин сценарийи дагы ушул Эркин агайыма таандык.

-    Чыгармачылыкта аралашып жүргөнүңө канча болду? 
-    Чыгармачылыктын оту менен кирип, күлү менен чыгып жүргөн убактымды эсептегенде өзүм таң калдым. Ушул чөйрөдө жүргөнүмө  10 жылга чамалаптыр. Бирок официалдуу түрдө кадам таштап, баш-отум менен киришкениме 3  гана ай болду. 

-    10 жылдан бери ушул чөйрөдө жүрсөң эл жактырган чыгарма жаралгыча бир топ чыгарма жаздырсаң керек? Адатта ырчылар көп ыр жаздырып, арасынан бирөө гана аны атактуу кылат эмеспи...

- Сиз туура жана актуалдуу суроо бердиңиз. Чынында көп ырлар көмүскөдө калып калат деп угам. Бирок менин биринчи эмгегим ушул “Өмүр” аттуу ыр менен башталды. Тереңирээк айтып коюш керек, бул ырды 2 жыл мурун жаздыргам. Өзүмдун эмгегим анда  купулума толбой калгандыктан токтотуп койгон элем. Бул жолкусу олуттуу көз караш менен башталды.

- Өзүң жөнүндө айтып берсең, кичи мекениң, устаттарың, окуу жайың...
- Жалал-Абад обулусунун Базар-Коргон районундагы Правда деген айылда төрөлүп, өскөм. Жашоодогу эң жакын наставнигим, устатым өзүмдүн атам, Бусурманкул Айтбаев. 11-классты аяктап борборго келдим. Калый Молдобасанов атындагы  Кыргыз Улуттук Консерваториясынын алдындагы (ОХС) “Опералык хордук” студиясын аяктап, дипломун алгам. Учурда аталган окуу жайдын “Элдик ырдоо” бөлүмүндө 1-курста окуп жатам. 

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter