У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Көөнөрбөс чыгармаларды аудио китеп кылган Умсунай менен Бегаалы


Китеп окуганга чолоосу тийбей, бирок социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу болуп жүргөн көпчүлүк үчүн таланттуу жаштар сонун мүмкүнчүлүк түздү. "Сиз окубасаңыз биз окуйлу, болгону угуп, жан дуйнөңүздү азыктандырыңыз" деп, өздөрү эле китеп окуп тим болбостон, жамы журттун камын ойлоп, өз демилгелери менен кыргыз адабиятынын көөнөргүс чыгармаларын аудио түрүндө китеп кылып жаздырып, аны атайын "Рух Азык" каналы аркылуу китепкөйлөргө тартуулап жаткан "Кыргыз радио" бирикмесинин алып баруучулары Умсунай Өсөрова менен Бегаалы Токтогуловдун иши мактоого татыйт.



- Умсунай "Рух Азык" каналы тууралуу маалымат берсең? Идея сеники экен...

- Жакында "Рух Азык" аттуу ютуб канал ачып иштетип баштадык. Канал аты айтып тургандай көрөңгөбүздү бай азык менен толтуруп, рухубузду аруулантып, керемет дүйнөгө жетелеген мыкты чыгармалардын аудио китеби, улуулардан калган кыска бирок, тарбиялык мааниси чоң уламыштарды, ошондой эле акындардын жүрөктөн кирип, бойду алган поэзия саптарынын, ой өрүшүбүздүн өсүшүнө жардам берген кызыктуу маалыматтарды камтыйт. Алгач ичимде багып жүргөн идеямды кесиптешим Бегаалы Токтогуловго сунуштадым, андан соң Марат Сейдалиев менен макулдашып, техникалык жактарын жасап берүүсүн өтүндүк. 14-февраль “Эл аралык китеп белекке берүү” күнүндө алгачкы аудио китепти каналга жүктөдүк. Дал ушул күндөн тартып биз китеп сүйүүчүлөрүнө аудио китептерди белекке берүүнү баштадык.


- Демек китеп окууга чолоосу тийбей иштеп жүргөндөр аудио вариантын угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуптур да?


 - Ооба, колдоруна алып окууга мүмкүнчүлүк болбой жаткан китептерди, эми каалаган жерде, каалаган убакта угууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өзгөчө чет жерде жүргөн, аймактардагы мекендештерге пайдасы тиет деп ишенебиз. Айтмакчы, эң алгач үй-бүлө, сүйүү, турмуш темасында эң мыкты чыгармаларды жазган таланттуу калемгер Зуура Сооронбаеванын " Астра гүлү" чыгармасынын биринчи бөлүмүн тартуу эттик. Анткени, учурунда автордун бул повести болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишип, ошол кездеги эң көп окулган чыгармалардын бири болгон. Анан да жогоруда айтылгандай 14-февраль китеп белекке берүү күнү эле эмес, " махабат күнү" дегендер да бар. Демек, махабат күнүндө , сүйүү, үй-бүлө темасында жазылган аудио китепти угармандарга белек кылдык. Кудайга шүгүр, алгачкы аудио китеп жүктөлгөндөн кийин жакшы пикирин айтып колдогондор көп эле болду. Анан дагы, экинчи бөлүмү качан чыгаарын комментарийден, жеке кат аркылуу да кайра-кайра сураган угармандар абдан көп болду. Бул албетте бизди кубандырды. Демек, жумушта отуруп, жол жүрүп баратып, тамактанып жатканда, айтор кайда болбосун убактысын да туура пайдаланып, аудио китеп тыңдап отурууну каалаган замандаштар арбын дегендик. 


- Ч.Абыкеевдин “Бриллиант жылан” китебинин да аудио вариантын түзүптүрсүңөр...


- Ооба, бул китеп бир топ жыл мурун ар бир үйдүн текчесинен орун алып, окурмандар талашып окучу эмес беле.  Чолпонбек Абыкеевдин "Бриллиант жылан" китебинин биринчи бөлүмүн каналга жүктөдүк. Бул китеп учурунда окулуп эле тим калбай, кайрадан кызуу талкуунун темасына айланганын көбү унута элек. Чыгармага болгон талап күч болуп, 90 миң нускада, кийинчерээк дагы 6 миң нускада жарык көрүп, учурда да китеп дүкөндөрдө сатылууда. Демек, азыр дагы бул чыгармага кызыгуу күч! Ошол себептен, ушул китепти тандап алдык. Буюрса, азыр да кыргыз, дүйнөлүк адабияттагы мыкты делген чыгармаларды даярдап жатабыз. Ошондой эле, балдарга арналган жомок, бала тарбиялоо багытында ата-энелерге, жалпы эле окурмандарга арналган шыктандыруучу китептер да даярдалып жатканын кошумчалай кетейин. Чыгармаларды көркөм окууда жардам берип жаткан баардык кесиптештерибизге, досторубузга ыраазычылык билдиребиз. 


Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter