У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантин маалында таң атканча элди уктатпай "Даңазалуу доорду" көргөн кемпирге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


Бишкек шаарынын Ленин районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде элдин тынчын алып, таң агарып кеткенче телевизордун үнүн бийик чыгарып алып "Даңазалуу доор" сериалын көргөн жаранга күч органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу күбөлөр редакциябызга кабарлашты.

Коңшуларынын айтымында элдин тынчтыгын бузуп жаткан жаран орозо башталгыча эле түнкүсүн телевизордун үнүн катуу чыгарып, элди уктатпай жаткан. Кечээ, 26-апрелден 27-апрелге караган түнү сериал көргөн жаран коңшуларынын бир нече жолу барып, эшигин такылдатканына карабастан эшигин ачпай, телевизордун үнүн ого бетер күчөтүп, бийиктете берген. Натыйжада жаш балдары менен уктай албай кыйналган коңушалары күч органдарын чакырууга аргасыз болушкан.

102 кызматына бейбаштык боюнча чакыруу 03-30 чамасында түшүп, күч органдары түнкү саат 04-00 чамасында  келишкен. Элдин тынчын алган жаран болжол менен 70 жашта, батирде жалгыз жашайт. Коңшулары бир канча жолу барып эшигин какса да ачпаганынан чочулап, улгайган адам үйдүн ичинде бир нерсе болуп калган жокпу деп да санааркашкан.

Күч органдары келгенде эшигин ачып "Өз үйүмдө эмне кылсам өзүм билем" деп орой мамиле кылып, эшигин жаап алган. Милиция кызматынын бир канча жолу телевизордун үнүн азайтып алуусун өтүнгөнунө карабай, милицияга кол көтөргөнгө чейин барган. Күч органдары жаранды алып кетебиз дегенде гана "ооз бекитем" деген шылтоону айтып, телевизорду өчүрүп коем деп сөз берген. Коңшуларынын айтымында күч органдары узап кетээри менен телевизорду кайрадан күйгүзүп, таң атканда гана өчүргөн. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter