У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россияда 7 жашар уулун 300 миң рублга сатууга аракет кылган кыргызстандык соттолду


Екатеринбургда Жогорку Исецкий соту 25-апрелде Кыргызстандын 37 жаштагы жараны Наргиза А.га карата өкүм чыгарды. Ал  7 жашар уулун сатууга аракет кылган деген айып менен соттолуп жаткан.
 
«Комсомольская правда» билдиргендей, ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127.1-беренеси («Жашы жете элек баланы өзүнө материалдык же башка жактан көз каранды болгон күнөөлүү адамга билип туруп сатып алуу жана сатуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. 
 
Эске салсак, 2022-жылдын августунда «Вконтакте» социалдык тармагында 300 миң рублга бала сатылат деген жарнама пайда болуп, «Альтернатива» кыймылынын ыктыярчылары баланын апасы менен байланышка чыккан. Алар алты күн сатыла турган баланын апасы менен сатып алуучу катары жазышып, “келишимге” чейин баарын милицияга билдиришкен. Андан соң аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
Учурда бала балдар үйүндө, аны Кыргызстандагы туугандарына өткөрүп берүү маселеси чечилип жатат.
 
Россиянын Тергөө комитетинин тергөөчүсү Денис Загоруйдун айтымында, Наргиза бул аракеттин уулуна жакшы жашоону каалаганы менен түшүндүргөн.
 
«Бул эне баласына жакшы билим бере алмак эмес, анткени анын каржылык мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз. Бул жерде окуу китептерин сатып алуу, репетиторлорго акча төлөө жөнүндө сөз болуп жатат. Аялга баласын багуу кыйын болгон. Анткени 7 жаштагы баласынан башка анын экинчи жарандык никесинен дагы бир кичинкей кызы, мурдагы күйөөсүнөн эки баласы бар. Эң өкүнүчтүүсү, бала аны башка үй-бүлөгө сатып жатканын билген эмес. Апасы уулуна өз атасына бара турганын айткан. Бала кайда, кимге барарын түшүнгөн деле эмес ", - деди тергөөчү маегинде.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter