У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жакшы саамалык: Кыргызстандыктар эми каалаган бейтапканага барып катталса болот...


Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтапканаларда бюрократиядан арылтуу аракеттери жасалып жатканын маалымдады. 

Натыйжада, Кыргызстандыктар мындан ары өзү каалаган медициналык мекемеге (бейтапкана) барып каттоого турса болот. Өзгөртүүлөр калкты медициналык мекемелерге каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, жарандар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга жардам берет.

Бул тууралуу: "Калкты каттоонун жаңы тартиби аймактык принципти жокко чыгарды. Бул теңдик жана дени сак атаандаштыктын негизинде каалаган мекемеге катталууга мүмкүндүк берет. Ар бир адам катталган жерин кварталына бир жолу алмаштырууга укуктуу. Катталуу үчүн жеке идентификациялык номерин камтыган (паспорт, айдоочулук күбөлүк) бир документтен башка кагаз талап кылынбайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле "Катталган калк" санариптик регистрин модернизациялоо жүрүп жатканы белгиленди. Ал ишке ашса каттоо онлайн режиминде жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул үчүн электрондук кол тамга керектелет.

Министрлик билдиргендей, саламаттык сактоо уюмдарын бюрократиядан арылтуу өтө маанилүү, анткени ал бардык жарандар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга жардам берет. Ошону менен бирге медициналык жардам алуудагы тоскоолдуктарды азайтат.
Буга чейин кыргызстандыктар өзү жашаган аймакта жайгашкан бейтапканага гана катталып, медициналык жардам үчүн кайрылып келген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter