У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шылуундарга оюнчук болгон эл, тамтыгы чыккан система, акчага байланган Сокулук районун жетекчилери...

   
Сөз башынан болсун!

Союз кезинде Кыргызстанда “Чолпон” деген фабрика болгон. Анын филиалы болуп, “Бөбөк” деген  балдардын  бут кийим фабрикасы Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында иштеген. Союз кулагандан 4-5 жыл өтпөй, фабрика токтоп калган. Директору Дүйшөкулов деген адам болгон. Булар элге эч кандай участок беришкен  эмес. Убагында “Бөбөк”  акционердик коому болчу. Менчиктештирүү убагында солго, оңго сатмай, калып калган жетекчилер  өзүнүн көмөчүнө күл тартмай заман болду. Булар  дагы ошондой болуп, элдин ырыскысын жеп,  элге тиешелүү буюм-теримдин баарын өз билгениндей сатып, ичиндеги жакшы станокторду, фабриканын бардык жабдууларын сатып, эч ким менен кеңешкен эмес. “Бөбөктүн” жумушчулары үчүн салынган үйлөрдү уйларга, торпокторго алмашып, дагы акча алып документтери бүткөн эмес, чалды – куйду болгон.  Кийинчерээк Дүйшокулов инсульт алып, андан бери 7-8 жыл өттү.  2010-жылдан кийин ошол Дүйшөкуловдун Алтын Сейдакматова деген  экинчи аялы  пайда болуп, өзүнүн наамына ОсОО “Бөбөк” деп каттатып алган. Ага чейинки тарыхта акционерлер менен кеңешилген эмес. Элдин сабатсыздыгынан да пайдаланган. Шылуундар өз пайдасы үчүн юристтерди таап,  эл өз оокатын зорго кылып атса, жер участокторун сатып, өздөрүнө документ жасап алышкан. Эми мына, эл ошонун азабын тартып атат. Ошол кездеги айыл өкмөттөрүнүн шалаакылыгына сөз  жок!  Канчалаган жылдар өтүп кетти, мыйзам боюнча өндүрүш токтогон соң,  тегерегиндеги жерлер айыл өкмөткө же мэрияга өтүш керек болгон. Мындай шартты алар кылышкан эмес. 

Азыркы маселе: “Чолпон” фабрикасынын территориясы деп документте аталат экен, ал эми анын тегерегиндеги жерлер  120 гектардын айланасында, ал Алтынга өтүп кетүү коркунучунда турат. Жарым-жартылай ансыз да өтүп кеткен, жолдун наркы бети. Эл жашап турган конуш 80-90 жылдан бери элдер жашаган, ата-бабасы курган үйлөр. Бул жер эч качан өндүрүш жери болуп, Алтындын карамагына өтпөш керек эле. Ошол өтүп кетүү коркунучунда турат. Алтын  Сейдакматова учурда топосьемка жасап,   документ иштери менен чуркап жүрөт.

Бирок,  эл каршылык көрсөтүүдө. Эмне үчүн? Эгерде Алтынга өтүп, карта чийилип, кызыл китеп берилип калса, бул элдин башына түшкөн мүшкүл деп эсептейбиз. Практикада белгилүү болгондой, фабриканын нары жагындагы жайыт жерди да кошуп сатып жиберген. Жайыт жери мамлекеттин өз менчигинде, аны эч ким сатканга укугу жок. Ошол 7 га жерге  тургундар үй салып алып, 10-15 жылдан бери сандалып документтери бүтпөйт. Алтын Сейдакматова буларды саап атат, жерди сатып бир акча алып, адвокатка деп бир акча алып, кызыл китепке, трансформацияга деп дагы чогултуп, элди кыйнап атат. Кызыл китепти бир колу менен берип, бир колу менен акчаны алып, ошол күнү мамкаттоого барып, оформление жасап берип, кутулуш керек эле. 15 жылдан бери ушул алдамчы, шылуун аялдын азабын, эл тартып жатат. Мына ушул практика элге сабак болду. Эми калган жерди да алып алса, кайра башынан баштайт, 50%  элде кызыл китеби бар, 30 жылдан бери айыл өкмөттөр эмнеге таянып, чечим чыгарып берип келди деген суроо бар. Биз ушул суроону тиешелүү органдарга бердик, алар да такалып калды. Системалык инвентаризация деген корутундусу бар экен, ошого таянып эле карта чийишиптир. “Элди ичинен барып, айылды кыдырып көрүп, анан чийбейсиңерби, силер чийип берип коет экенсиңер, мамкаттоо ошонун негизинде карта жасап коет экен, ошонун эсебинен эл кыйналып атат, мына” – деп тургундар суроо салышкан. Алтын Сейдакматова алса, башаламандык жаралат, элди саайт, өндүрүш жайы деп электр энергиясына 5 сомдон төлөнүп баштайт, кайра  эле мүшкүл элге түшөт, кызыл китеп жасайбыз, трансформация деп акча чогултат. Булар өтө оор маселе, өкмөттүн деңгээлинде чечиле турган  процесс. Тынч  жашап атканда, тынчтыгыбызды сактап калалы деген ураан менен элдер чыгып, каршылык көрсөтүп, акцияларды өткөрүүдө. 

Өткөн жумада  “Чолпондо”  водонапорная башнянын насосу күйүп кетиптир, эл айыл өкмөткө чалса акча которо албасын билдирген. 30 жылдан бери  которуп келген эми эмнеге которо албайсың деп сураса, ал “жеке менчик карамагына  өтүп кеткен, акча которсом, максатсыз пайдалануу деген доо менен айып салынат” -  деп болбой койду. Акимиаттын алдына барып, жергиликтүү эл  митинг кылышты.  Пайда чыкты, 1 суткага жетпей, водонапорная башняны  айыл өкмөттүн балансына  өткөрүп берди, Алтын Сейдакматова деген  алдамчы. Ошол эле күнү акимиат комиссия түздү, мамкаттодон келишти, Алтын да келди,  баш тартуу катын жазып  берди. Булардын дагы  мыйзамсыз аракеттери белгилүү болуп калды, буга чейин Алтындын пайдасына да иштеп коюшкан. Водонапорная башня стратегиялык объект болуп саналат. 

Облуска, жогорку инстанцияларга, президент Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге, Зулушевге чейин  кайрылуу жасадык. Президенттин администрациясынан өкүлдөр облуска келип: “катыңардын көчүрмөсү келди, жакын арада комиссия түзөбүз” -  дешкен. Эл райондук эмес, облустук дагы  бийликке ишенбей калыптыр, эмне үчүн?
Прокуратура айыл өкмөткө чалып, “Алтын Сейдакматованын  жеке менчигине тийишпе” деп, колу-бутун байлап койду, район аркылуу. Ошентсе да комиссияга элдин үнү чоң документ болуп берди. 

Алтын Сейдакматова ким? Ал жетектеген ОсОО азыр “абада асылып турат”, ал территориясын сатып жиберген, ал жакта ат, уй багып атышат. “Бөбөк” мамлекетке канча салык төлөгөнү белгисиз, билишибизче салык төлөбөйт. Өндүрүшү жок, эч кимге айлык бербейт, жумушчулары жок да, ошондуктан “абада асылып турат” – дешет элдер.   Ал алдамчы, ууру, тоноочулардын уюгу. Элди абдан алдады, айыл өкмөт иштебейт, свет коем, жолдорду оңдойм – дейт. Фондду кайдан аласыз деген суроого, өз каражатыма жасайм, ашыкча участокторду сатып – дейт. Анда өзүнө эмне пайда? 

“Бөбөктө” мурда иштегендерде да нааразычылык чоң. АКнын түзүлүшүндөгү, жоюлуп кетишиндеги жана  кайра ОсОО түзүлгөндүгүндө күмөн жатат, көп мыйзам бузуулар болгон. Ошону да ачык белгилеп коелу. Салык органдарына,  эсеп палатасына, мамлекеттик мүлк фондуна, элдин атынан кайрылган эл, бул инстанциялардан үмүт кылууда. АКнын мүлкү ушунчалык тез сатылып кетти.  Фабрикада мурда бир күн да иштебеген Алтын Сейдакматова кандайча келип, ОсООго гендиректор болуп калды деген күмөн суроолор бар. 

Облустук комиссия деле  элге моюн бербейт окшоп калды. Мамкаттоонун кызматкери жетекчисинин ордуна келиптир элге , бирок Алтын  Сейдакматованын сөзүн сүйлөп, эл арасында каршы пикирди жаратууда.   Комиссия кетти, “протокол жазып, ишти чогултуп, прокуратурага беребиз” - деп. Бирок, эл прокуратурага да ишенбейт. Алар деле облуска кайра жөнөтүп коет, алар болсо баягы эле  кайталанма аракеттери. “Биз азыр түшүнүксүз абалда турабыз. Элдин ыраазычылыгы үчүн кандайдыр бир механизм жок болуп турат. Бизге  кенен аналитика, иликтөө керек, ким угат үнүбүздү?” – дейт жергиликтүү тургундар.  

[video=]


Пикир калтыруу
Временное решение денежных трудностей с помощью онлайн займ горячие деньги. Или например с помощью микрозайм онлайн отзывы. Тут есть много разных вариантов займов, как на небольшую сумму, так и приличную. Смотрите сами.У вас день рождения? Или хотите кого-то поздравить? Купите красивый презент к подарку - воздушный шарик. Интернет-магазин шаров купи-шары.рф предлагает множество вариантов здесь доставка шаров по москве. Проблемы с лицензией виндовс можно решить специальным активатором. Скачать его можно тут: скачать активатор для win 7 и перезагрузите виндовс сразу. Система начнет работать правильно. Для любителей игр я нашел сайт: 1xbet зеркало ставки на спорт здесь описано пару слов о том как делают ставки на спорт. Заходите и смотрите про 1хбет, что это и как это работает сказано тут: 1xbet официальный мобильный сайт скачать. И многое другое. Нужно двери входные купить москва цена то кликай Смотрите так же займ без отказа без процентов.
У вас есть автомобиль? Тогда вам обязательно потребуется полис осаго. Теперь его можно оформить онлайн, для этого сделан специальный сайт, заходите. стоимость осаго южураласко
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter