У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аквапарктагы баланын өлүмүнө байланыштуу куткаруучу камакка алынды


Башкы прокуратура "Ала-Тоо" аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана "Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Натыйжада, аквапарктын куткаруучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эске сала кетсек, 6-июнда Бишкекте "Ала-Тоо" аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.

Окуяга байланыштуу мектептеги бир канча мугалим жана директор иштен алынганы маалым болду. Комиссия ал күнү аквапаркка 13 класстан 232 окуучу, тогуз мугалим жана тогуз ата-эне барганын аныктаган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter