У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Санкт-Петербургда кыргызстандык жаран зордуктоого шектелүүдө


 Санкт-Петербургда кыргызстандык мигрант бир нече аялды зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
 
Белгиленгендей, зордуктоого шектелген кырыгз жараны кичи автобустун айдоочусу болгон. Окуя Рахия айылында катталган. Октябрдын аягында ал кармалган. Бул факты боюнча Санкт-Петербургдун Тергөө комитети РФ Кылмыш-жаза кодексинин «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
 
Шектүү алгач 44 жаштагы аялды зордуктаган. Андан кийин 29 жаштагы келинди зордуктаганы аныкталган. Шектүү эки жабырлануучуга теӊ өзү айдап бара жаткан  кичи автобуста  кол салган. Бул факты боюнча 19-ноябрда дагы бир кылмыш иши козгозголгон.
 
Бул адам Кыргызстанда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган - 1998-жылы алдамчылык, 2004-жылы - курал-жарак сактагандыгы үчүн, 2015-жылы - уурулук үчүн соттолгон.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter