У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдө жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

  
Чүй облусунда жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектелип 45 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 30-июнда Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жайыттардын биринде аял ок атуучу курал менен өзүн атып өлтүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Чүй РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, маркум 1976-жылы туулган У.Н. аттуу жаран экендиги такталган.
 
Кылмышка шектелип маркумдун 45 жаштагы жарандык никедеги жолдошу кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, мас абалдагы жубайлардын ортосунда чыккан пикир келишпестик адам өлүмү менен аяктаган. 
 
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
 
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter