У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Билим берүү министрлиги: "Мектептеги билим берүүнүн мамлекеттик стандарты талкууланды"


Билим берүү жана илим министрлигинде мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесине ылайык мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо беш жылда кеминде бир жолу жүргүзүлөт.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов билим берүү системасынын өкүлдөрүн мамлекеттик стандарттын долбоору менен тааныштырды.

"Ушул кезде колдонулуп жаткан стандарт өкмөттүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен кабыл алынган. Бул мезгилде документте көрсөтүү зарыл болгон билим берүү системасына коюлуучу талаптар өзгөрүп кетти. Мисалы, мамлекеттик стандарт долбоорунда билим берүүнүн милдеттери жаңыланды: Мамлекеттик стандарттын долбоорунда көрсөтүлгөн билим берүүнүн милдеттерине ар бир окуучунун чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн айкындоо жана өнүктүрүү, аларды эмгекти сүйүүгө, бийик адеп-ахлактык принциптерди карманууга тарбиялоо, инсандын өзүн өркүндөтүүсү, өзүн таанып-билүү көндүмдөрүн калыптандыруусу үчүн эң жогорку жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле билим берүү системасындагы тарбиянын салттуу маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга ылайык келүүсүн камсыздоо, балдардын физикалык, психикалык, социалдык, руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн шарттар да киргизилди", - деп белгилеген Мамбетакунов.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter