У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалал-Абадда 5 балалуу 24 жаштагы келин асынып алды


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 24 жаштагы келин өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"23-апрелде саат 19:30 чамасында Таш-Булак айылында 1996-жылы туулган келин өзүнүн сарайына барып асынып алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Келин 16 жашта турмушка чыккан, 5 баласы бар.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон келиндин ата-энеси кызынын асынып, өмүрүнө кол салуусуна күйөө баласы күнөөлүү экендигин билдиришип, милицияга арыз менен кайрылган. Каза болгон келиндин күйөөсүнүн окуяга канчалык деңгээлде катыштыгы бардыгы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter