У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


8 миӊ доллар пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды


 Ош шаарында жана Баткен облусунда ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан милициянын подполковниги, улук тергөөчү жана алардын шериги кармалган. Алар 8 миң доллар талап кылууга шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Ал бир тууганына карата козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 8000 доллар опузалап талап кылган Баткен облусундагы Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын жана ИИМдин Ош шаары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлерине чара көрүүнү суранган. Анын айтканына караганда, милиция кызматкерлери ишти токтотуу үчүн жабырлануучудан 5 миӊ доллар, кийинчерээк 8 миң доллар талап кыла башташкан.
 
Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
 
19-апрелде кылмышка шектүүлөрдү 3800 доллары жана 340.000 сом өлчөмүндө пара алып жатканда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармаган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter