У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте үч жашар кызын уурап кеткен ата кармалды


Бишкекте 3 жашар кызын уурап кеткен ата кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын бөлүмүнөн билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 13.36да милицияга Анкара жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 жашар кызды уурдап кетти деген билдирүү түшкөн. Милицияга шаар тургун арыз менен карйрылып, үч жашар кызын уурдап, BMW X5 унаасы менен качып кеткен жарандык никедеги күйөөсүнө чара көрүүнү суранган.
 
Милиция кызматкерлери тарабынан 39 жаштагы шектүү кармалган жана андан ары тергөө амалдары жүргүзүлүп, баланы уурдап кетүү мотивдерин аныктоо үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter