У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Балыкчы шаарынан болгон. Жакын таанышы жазып чыкты


Ала качуунун курмандыгы болуп, акыры мыкаачылык менен өлтүрүлгөн  Айзада Канатбекованын таанышы ал тууралуу маалыматтарды социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Бүгүнкү үрөй учурган окуяга байланыштуу... Айзада менен жакшы таанышмын. Аябай жаркылдаган кыз эле. Биздин кошуна болот. 1994-жылы төрөлгөн. Жашы 26 да. Кичинекейибизде чогуу ойноп эле жүрчү элек. Айзада Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан болот. Өтө жакшы кыз эле. Эч жамандыгы жок, түз жүргөн кыз. Кичинекейимден эле жакшы тааныйм.
Алтыным Айзадам, Аллахым бейишине алсын. Сенин бирөөгө кымындай да жамандыгың жок эле. Айзаданын сөөгүн азыр жакындары Балыкчыга алып кетип жатышат", - деп жазды ал.

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. Кечээ, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын жарыялады. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter