У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өмүрүн илим-билимге арнаган өрнөктүү инсан…


Ар бир доордун коомду алга сүйрөгөн мыкты инсандары болот. Мына ошондой коомго үлгү болгон мыктылардын катарын, 50 жылдан ашык өмүрүн илим-билимге, агартуу тармагын өркүндөтүүгө арнап келе жаткан «КРнын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамынын ээси,  профессор, Назарматова Касийра Мукашевнасыз элестетүү кыйын. Өзгөлөргө үлгү болоорлук мындай өрнөктүү өмүр ар кимге эле насип боло бербейт. 
 
  • Элибизге аттын кашкасындай таанымал Касийра Мукашевна – билим берүү тармагында мыкты устат катары педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан. Андыктан студенттердин жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн эжеге кандай алкыш айтсак да жарашат. “Илим ийне менен кудук казгандай” демекчи Касийра Мукашевна тарабынан "Бухгалтердик эсеп жана аудит" боюнча 100 дөн ашык илимий макалалар жана бир катар фундаменталдык окуу куралдары жарык көргөн.

  • Бүгүнкү күндө Касийра Мукашевна жетектеген Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы (ЭБУКжанаБА, МАУПФиБ) экономика, юриспруденция, менеджмент, прикладдык информатикага байланыштуу жогорку класстагы адистерди даярдаган, өлкөбүздөгү динамикалык түрдө өнүгүп жаткан, материалдык-техникалык окуу базасы заман талабына шайкеш келген, эң алдыңкы заманбап окуу жайынын катарына кирет. Аталган окуу жайдын 70% ашык бүтүрүүчүлөрү ѳз адистиги боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде, Россияда, Казакстанда, Түркмөнстанда, Өзбекстанда, Пакистанда, Түркияда, Германияда жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү эмгектенип жатышат. 

  • Кезинде аталган окуу жай Москвадан атайы буйрук менен копперативный окуу жай катары 1938-жылы түзүлүп, убагында соода тармактарын боюнча адистерди даярдап келген. Союз тарагандан кийин, тагырагы 2000-жылы Касийра Мукашевнанын иш билги түйшүктүү өжөр эмгегинин натыйжасында Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы өзүн-өзү каржылаган жогорку окуу жайы болуп түзүлгөн. Жүздөгөн иш орундары түзүлдү. Учурда 3 миңден ашык   студенттер билим алууда. 

  • Жетекчи көрөгөч көсөм болсо, кандай иш болсун мөмөсүн бере турганы Касийра Мукашевнанын педагогикалык билим берүү жаатына салган чыйыры, байсалдуу эмгек жолу далилдеп турат десек жарашат.  Мына эженин жигердүү демилгеси, талыкпас эмгеги, уюштургуч иш билгилигинин негизинде ЭБУКжанаБА эл аралык байланыштарды жана илимий-практикалык иш тажрыйбаларын активдүү өнүктүрүп, М.А.Шолохов атындагы Москва мамлекеттик гуманитардык университети (Россия), О.В.Сухомлинский атындагы Миколаев улуттук университети  (Украина) Казак Экономика жана каржы, эл аралык соода университети (Нур-Султан), Экономика жана статистика Алмата академиясы (Алматы, Казакстан), Тараз инновациялык гуманитардык университети менен Түштүк Кореянын "Индук Университети” жана  "Медиа Артс" институту,  Швейцария жана Италиянын ЖОЖдору менен өнөктөш катары тыгыз кызматташат. Мунун баары студенттердин билимин андан ары тереңдетүүдө өз жемишин берип жатат. 

  • Баса белгилей кетчү жагдай, Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясынын артыкчылыктарынын бири окууга дилгир, жигердүү жаштарды колдоо жаатында ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө маани бергенинде. Тактап айтканда, башка ЖОЖдорго салыштырып караганда билим алууга жеткиликтүү эң төмөн акы каралган. Студенттердин социалдык абалы жана алдыңкы студенттентерге окуу төлөмүнө 5%-30%ге чейин жеңилдик, мамлекеттен бир тыйын бөлүнбөсө дагы стипендиялар  каралган. Мындан сырткары, мамлекеттик жана коммерциялык уюмдарга окуу жайды бүткөн студенттерди ишке орноштуруу боюнча атайын келишимдер түзүлүп иш жүргүзүлөт. Практика ѳтѳдѳѳ дагы банктар, мекемелер, жеке ишкерлер менен келишимдин негизинде тажрыйба ѳтѳшѳт. 

  • ЭБУКжанаБА республика боюнча мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген бирден-бир окуу жай болуп саналат. Ошондой эле, студенттердин чыгармачылыгын жана спорттогу жетишкендиктерин өркүндөтүү багытында чыгармачыл кечээлер, ар кыл темадагы илимий кызыктуу талкуулар, спорттук иш-чаралар ар дайым уюштурулуп турат. Англис жана орус тилдери курстары, машина айдоо курстарына, компьютердик сабаттуулукка, бухгалтердик эсепке алууга жана башка ушул сыяктуу кошумча окутуу мүмкүнчүлүгү, студенттердин татыктуу билим алуусуна терең көңүл бурулган. Өзгөлөрдөн өзгөчөлөнгөн  китепкана, анын ичинде электрондук базага бай көрсөтмө куралдарды  студенттер мүмкүн болушунча пайдалана ала турган  көлөмү 200 миңден жогору нускадагы (анын ичинде электрондук адабияттар) окуу, илимий жана көркөм адабияттары, андан сырткары, белгилүү финансист, юристтердин жана мамлекеттик ишмерлердин илимий эмгектери менен таанышууга шарт түзүлүп, жогорку ылдамдыктагы интернети бар аудиториялар заманбап жабдуулар менен жабдылган. Актовый зал, атайын лабораториялар, спорттук комплекс, медициналык пункт иштейт. Студенттердин шартына ылайык  арзан жана диеталык кенен  жана таза ашкана жайы салкын, кышы жылуу заманбап жатакана менен камсыздалган. Стимул берчү мындай демилгелер – студенттердин билим алууга болгон дилгирлигин арттырып, сапаттуу адистерди тарбиялап чыгарууга өбөлгө түзөт. 

  • Чындыгында студенттердин эң мыкты деңгээлде адис катары калыптанып, өсүп-өнүгүшү билим берүүнүн сапатына көз каранды экени талашсыз. Ал эми сапаттуу билим берүү мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот. Демек, сапаттуу билим жалпы мамлекетке же улутка таасир этет. Бир сөз менен айтканда педагогдордун дүйнө таанымы, билиминин потенциалы, оптимизми – мамлекеттин эртеңки келечегин аныктайт. Андыктан, окутуунун сапатын жогорулатуу багытында студенттерге жогорку педагогикалык тажрыйбасы бар илимдин докторлору жана кандидаттары сабак беришет. Академияда  илимий-изилдѳѳ иштери дагы  активдүү жүргүзүлүп жатат. Акыркы жылдары ЭБУКжанаБА доктордук диссертациялар жана кандидаттык иштер жакталып, мыкты окутуучулар студенттерге жана жаш мугалимдерге мыкты стимул, мотивация берүүдѳ. 

  • Мына ушул критерийлерди эске алганда Касийра Мукашевнадагы – педагогикалык кесиптик иш билгилик, окутуу-үйрөтүү процессин уюштуруудагы билгичтик, жетекчи катары инсандык психологияга аяр мамиле жасоодогу чеберчилик,  билим деңгээлинин жетиштүүлүгү, тармактык билимдин бекемдиги сыяктуу мыкты сапаттар, анын жөнөкөй мугалимден тартып, жогорку кызматтарды аркалаган жетекчи катары кадырын калыңдатып, аброюн бийиктетти. 

  • Ырасында, өлкөбүздүн билим берүү мыйзамында аныкталган максатты, милдеттерди, принциптерди билүү жана аларды ишке ашырууда эжедей баарын ийне-жибине чейин билгендер чанда десек ашыкча болбойт. Мына эженин иштин көзүн билген мыкты уюштургуч жөндөмүн, 2020-жылдан башталып, бүгүнкү күнгө чейин токтобой жаткан Ковид-19 пандемиясында, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай онлайн окутуу боюнча мугалимдер менен студенттерге баардык шарттарды түзүп берген эмгеги айкын далилдеп турат. Алсак, онлайн окутуу мамлекеттик тил боюнча баардык заманбап компьютер менен жабдылган лингофон кабинеттерин ачылып, бүгүнкү күнгө чейин жигердүү иштеп жатат. 
 
Өргө карай кеткен жол…

  • Назарматова Касийра Мукашевна Нарын облусунда 1947-жылы төрөлгөн. Нарын шаарында Чкалов мектебинде, 1961-1964- жылы «Фрунзе» кооперативный техникумунда окуган. Андан соң 1968-жылы Самарканд кооперативдик институтун бүтүрүп, 1975-жылы Плеханов Г. В. атындагы Москва эл чарба институтунун аспирантурасын аяктап, СССРдин жогорку министрлер кеңешинин чечими менен «экономика илимдеринин кандидаты» илимий даражасы ыйгарылган. Учурда Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясынын (ЭБУКжБАнын) ректору, профессор.
  • 1975-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кесибин улантып, «Бухгалтердик эсеп жана анализ» кафедрасын башчысы, факультеттин деканы кызматтарында 1985- жылга чейин иштеген.
  • 1985-1988-жылдары Кыргыз ССРинин жогорку жана орто билим берүү министринин орун басары кызматын аркалаган. 1982-жылы СССРдин Жогорку Советинин президиумунун чечими менен «Эл достугу» ордени менен сыйланган.
  • 1988-1998-жылдары КМУда жана Кыргызстан эл аралык университетинде окуу иштери боюнча биринчи проректор болуп иштеген.
  • 1988-2000-жылдары Ж.Баласагын атындагы КУУ «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» кафедрасын башкарган.
  • 1992-жылы ССРдин мамлекетик чечими менен профессор илимий даражасы берилген. Ошол эле жылы КРнын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болгон.
  • 1993-жылы КР ныны Бухгалтерлер ассоциасынын президентти болуп дайындалган. 
  • Илимге кошкон салымы үчүн 1993-жылы «КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамы ыйгарылган;
  • 2003-жылы Нарын облустук элдик депутаттар кеңешинин тарабынан «Нарын облусунун ардактуу атуулу» ардак белгиси берилген.
  • 2004-жылы 20-февральда Эл аралык Коом жана жаратылыш Академиясынын Евразиа чөлкөмү боюнча негизги мүчөсү.  
  • 2007-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.
  • 2010-жылы Тоголок Молдонун 150 жылдык  төш белгиси менен сыйланган.
  • 2016-жылы «Фабула пресс» коомдук-сайсий гезитинин жана 2019-жылдын «Жетиген» журналынын «Жылдын мыкты ректору» номинациясы ыйгарылган.
  • 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын "Кыргыз тили" төш белгиси ыйгарылган. 


Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter