У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек эпидемиологиялык абал кооптуу шаар деп аталды


Бүгүн, 6-апрель Бишкек шаарынын мэриясында эпидемиологиялык кырдаал боюнча пресс-конференция өтүүдө. Анда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагуль Рыскулбекова учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

"Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абалды Бишкек шаарында кооптуу деп эсептейм. Бир сутканын ичинде Бишкек шаарында 77 учур катталды. Анын ичинен 52 учуру лабораториялык жол менен тастыкталган, 25и клиникоэпидемиологиялык пневмония деп айтсак болот. 77 учурдун ичинен 63чү бул Бишкек шаарынын тургундары, Ленин району боюнча 22, Биринчи Май району боюнча 7, Октябрь району 21, Свердлов району 13. Калган 18 пайызы бул региондон келгендер алар каттоого алынды. Ооруканага жаткырылгандардын саны 36, амбулатордук түрдө медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө туруп, консультация алгандар 41. Бул ооруну жугузбаш үчүн санитардык эрежелерди унутпай аткарсаңыздар, өзүңүздөрдү жана балдарыңыздарды сактасак", - деди Рыскулбекова.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter