У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мектептеги акча чогултуулар мыйзамдаштырылат же толугу менен жокко чыгарылат


Мектептерде ата-энелер фондун мыйзамдаштыруу же толугу менен жокко чыгаруу маселеси каралууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосунун «5+1» программасына берген маегинде айтты.
 
Анын айтымында, айрым мектептерде ата-энелерден каражат чогултулуп жатканы — туура көрүнүш. Ата-энелер фондуна каражат чогултуу мыйзамдаштырылса, аймактарга жараша ставка коюлат. Мында көп балалуу, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн абалы эске алынат жана жеңилдик берилет.
 
«Ата-энелер фонду боюнча министрлик май айына чейин толук көз карашын жарыялайт. Учурда бул боюнча анализдер жүрүп жатат. Бул маселени министрлик өзү чечип кое албайт. Өкмөткө сунуш киргизет жана ал өкмөттүн деңгээлинде чечилет», — деп кошумчалады Алмазбек Бейшеналиев.
 
Айтылган маалыматка ылайык, республикалык бюджеттин 26%ы билим берүү тармагына жумшалат. Анын ичинен 86%ы мугалимдердин айлык акысына сарпталат. 10 пайызы чарбалык товарларды сатып алууга жана мектептин айрым чыгымдарын жабууга керектелет. Ал эми өнүгүү үчүн каражат бөлүнбөйт.
 
«Өлкөдө 245 авариялык абалдагы мектеп бар, 400 билим берүү объекти капиталдык оңдоп-түздөөгө муктаж. Ошондуктан коомчулукту колдоо көрсөтүп, жетишсиз болуп жаткан компьютер, окуу куралдары менен камсыз кылууга чакырам. Жергиликтүү деңгээлде ишкерлер, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жардам бербесе, бул абалдан чыгып кете албайбыз», — дейт Бейшеналиев.
 
Булак: Марал фм 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter