У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр: "Мунайдын баасы дагы 20 пайызга өсүшү мүмкүн"


Дүйнөдө мунайдын баасы дагы 20 пайызга өсүшү мүмкүн. Бул туурасында энергетика жана өнөр жай министри Кубаныч Турдубаев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, январь айынан бери Россиядан Кыргызстанга алып келинген бензин 7-10 сомго, дизель 3,2-4,8 сомго чейин кымбаттады. Ал эми 11-марттан 20-мартка чейин күйүүчү майдын баасы 3-4 пайызга өстү.

"Кымбаттоонун бир себеби — дүйнөдө баалар өсүп жатат. Дүйнөлүк фонддордун божомолуна таяна турган болсок, мунайдын баасы дагы 20 пайызга чейин өсүшү божомолдонууда. Биз кандай чара көрөбүз? Мунайды кайра иштетүү заводун толук кандуу иштетишибиз керек. Аны менен 2 миллион 215 миң тонна мунай иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Азыр Кыргызстандын мунайды керектөөсү 1 миллион 300 миң тоннаны түзөт. Биз калкты, өнөр жай жана айыл чарба тармактарын камсыздай алабыз", — деди Турдубаев.

Ошондой эле министр биринчи кезекте чийки мунай алуу маселесин чечүү керектигин айтты. Бул багытта Казакстанга жана Өзбекстанга барып сүйлөшүп жатканын билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter