У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү айтылууда

Мурас-Ордо жаңы конушунан 13 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
 
 
Маалыматка ылайык, Мурас-Ордо жаӊы конушундагы өспүрүмдүн өлүмү боюна маалымат милицияга бүгүн саат 12.00дө түшкөн.
 
«Баланын сөөгүн энеси таап алган. Ал райондук милиция кызматкерине телефон чалып, каргашалуу окуя тууралуу кабарлаган. Учурда милиция маркумдун бир тууганын издеп жатканы белгилүү болду. Ал да жашы жете элек өспүрүм экени айтылды. Ички иштер министрлигинин жана Бишкек шаарынын прокуратурасынын жетекчилиги окуя болгон жерге барды», - деп билдирди редакция. 
 
Эскерте кетсек, бүгүн, 17-мартта «Мурас-Ордо» жаӊы конушунда 5-класстын окуучусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү айтылган. Маркумдун тамагы кесилгени белгилүү болгон. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter