У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россиядан Кыргызстанга азыктарды өндүрүүчүлөрдүн баалары менен түз жеткирүү сүйлөшүүдө


Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү соода өкүлү Валерий Латыпов менен жолугушту. Анда эки тараптуу актуалдуу маселелер, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында келечектүү инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде темир жолдорду, альтернативдик туннелди, калыбына келүүчү жана альтернативдүү энергия булактарын курууну камтыган долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Данияр Иманалиев коомдук маанилүү товарлар, анын ичинде кумшекер, өсүмдүк майы, дан менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдап, азыктарды өндүрүүчүлөрдүн баалары менен түз жеткирүүнү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Мындан тышкары Данияр Иманалиев мунай заттардын пландаштырылган көлөмүн Кыргыз Республикасына өз убагында жеткирүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана 2021-2022-жылдарга инвестициялык долбоорлордун тизмесин конкреттештирүү боюнча иш-чаралар планына өзгөчө көңүл бурулду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter