У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сегиз жаштагы баланы атасынын көзүнчө крокодил жеп салды


Индонезияда 26 футтуу крокодил сегиз жаштагы баланы атасынын көзүнчө толугу менен жутуп салды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди. 
 
Трагедия Чыгыш Калимантан провинциясында 3-мартта болгон. Бала атасы менен дарыянын жээгинде балык уулап жатканда, сойлоочу капыстан балага кол салып, аны сууга сүйрөп кеткен.
 
Атасы уулун куткарам деп крокодилдин артынан сууга кирип, аны муштуму менен муштап кирген, бирок крокодил баланы толугу менен жутуп салган.
 
Крокодил эртеси күнү кол салуу болгон жерден 100 метр алыстыкта табылган. Аны кармап, ичин кесип, баланын сөөгүн алып чыгышкан. Бул акыркы бир жумада болгон экинчи окуя экенин жергиликтүү тургундар айтышкан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter