У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Нур-Султандын аэропортунан Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султандын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты.

Ошондой эле мамлекет башчысынын Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушуусу каралган.
Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалганы айтылды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter