У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус 2 бейтаптын өмүрүн алды, 72 адам илдет жуктурду


Бүгүн, 23-февралга карата өлкөнүн медициналык жайларында коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жаткан бейтаптрадын ичинен дагы экөө каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалым болгондой, каза болгондор Бишкек шаарында катталды.

Өлкөдө илдет аныкталган күндөн тарта жалпы 1 миң 460 жаран каза болду.

Ошондой эле вирус  дагы 72 жарандан аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада Талас облусу боюнча илдетти жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек шаары - 17;
Чүй облусу – 47;
Ош облусу - 1;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу - 2.

Республика боюнча коронавирус инфекциясынан жалпы 86 миң 1 адам жабыркады.
Ал эми соңку сутка ичинде 76 бейтап дартты жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 33;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 26;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 1.
Айыккандардын жалпы саны 82 миң 879 болду.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter