У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ленин районун акими «Ош» базарында соода столунан түшпөй ыйлаган Алмаканды кабыл алды


 
 Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев "Ош" базарынында соода кылган, эки баланы жалгыз тарбиялап жаткан Алмаканды кабыл алды. Бул тууралуу Ленин райондук акимчилиги маалымат каражаттарына билдиришти.
 
Алмакан Ленин районунун жашоочусу экени тастыкталды, бирок анын туруктуу каттоосу жана документтери жок болгон. Ленин районунун акими ага документтери алууга жана каттоого турууга жардам берерин, ошондой эле материалдык жардам берилип турарын айтып, базардын ичинен соода ордун сунуштады. 
 
Эске салсак, 10-февралда "Ош" базарынын жанында соода кылган столун күч кызматкерлери алып кетип жатканда, соода столун кучактап чыркырап ыйлаган видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан. Кийинчерээк Алмакан маалымат каражаттарына маек берип, жалгыз өзү эки баланы багарын, жолдошу каза болуп калганын айткан. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter