У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Салык кызматы сатуучуларды кыйноодо


 
«Дордой базарында соода дээрлик токтогон. Ага карабай Мамлекеттик салык кызматынынын кызматкерлери сатуучуларды салык төөлөгө милдеттендирип жатат. Патент төлөбөсөӊөр соода түйүндөрүн жабабыз деп коркутушууда.

Казакстан чек арасынын жабылганына байланыштуу «Дордой» базарында соода токтоду. Ал эми сатуучулар банктар менен кредиттерди төлөөдө бир чечимге келе албай жатышат.  Каржы- кредиттик мекемелер базардын жабылгандыгы туурасында справка сурашууда. 

Дордой   дүӊ базар болгондуктан ишкерлердин   30 пайызы гана жергиликтүү өндүрүшчүлөр менен иштейт. Калганы иштебей эле турат. Ижара акылар, социалдык төлөмдөр бар. Биз ишкерлерди тынчтандырып жатабыз, бирок алар базарды жабууну талап кылышууда. Биз аларга өзүӊөр жаба бергиле, башкалар иштей берсин десек, жок бизге базар жабылды деген справка керек дешүүдө»  деп билдирди  бүгүнкү тегерек столдо “Дордой” соода комплексиндеги кесиптик кошуундун төрайымы Дамира Дөлөталиева.

Экономика министр Санжар Муканбетов салык төлөөчүлөргө кылдаттык менен мамиле жасоо керектигин айтса, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүлүп жаткандан кийин ишкерлер салык төлөөсү шарт деди. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter