У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир суткада 75 жарандан оору аныкталса, 83 бейтап илдеттен сакайды. 1 бейтап көз жумду.


Бүгүн, 11-февралга карата өлкө боюнча дагы 75 жарандан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталды. Акыркы сутка ичинде илдет аныкталгандар төмөнкү аймактарда катталганын республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек шаары - 32;
Ош шаары - 1;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу - 4;
Талас облусу - 2;
Нарын облусу - 2;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу - 2.

Муну менен өлкө боюнча илдеттен жабыркагандардын саны жалпы 85 миң 328 болду.
Ал эми бир суткада 83 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек – 30;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 32;
Ош облусу – 7;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 6.
Республика боюнча айыккандардын саны жалпы 82 миң 6га жетти.

Өлкөнүн медициналык жайларында коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы бирөө каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, кайтыш болгон жаран Ош облусунда катталды.
Республикада илдет катталган күндөн бери жалпы 1 миң 437 жаран көз жумду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter