У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Канат Сагынбаев үй камагына чыкты, Фарид Ниязов 2 айга чейин тергөө абагында калды


Биринчи Май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин башкы жан сакчысы Канат Сагынбаев менен президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовдун  баш коргоо чарасын карап чыкты. Ага ылайык, Канат Сагынбаев 17-мартка чейин үй камагында калса, Фарид Ниязов 2 айга чейин тергөө абагында отурат.

Буга чейин үй камагында болгон Сагынбаев соттук отурумга келсе, Фарид Ниязовдун өзүн алып келишкен эмес. 
Алардын жактоочусу Замир Жоошев сотко айыпталуучу бир гана соттук психитерапиялык экспертизадан өтүп жаткан учурда катыштырбай койсо болот. Фарид Ниязов болсо тергөө абагында жооп берүүгө даяр отурат”,- деп билдирди.

Эскерте кетсек Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаев 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынган. Жазык кодексинде 264 берене “Массалык башаламындык уюштуруу” деген оор айыптардын бири.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter