У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түндө Кыргызстанда эки ирет жер титиреди


Түндө Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреп, күчү кээ бир аймактарда 4 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМ КРдин Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Биринчиси саат 03:40та Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында болуп, күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Жердин термелүүсү Алай районунун Нура жана Иркештам айылдарында катталган.

Ал эми экинчиси саат 04:03тө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагындагы очогунда катталып, күчү 4 баллга жеткени белгилүү болду.

"Жердин силкинүүсү Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол, Кум айылдарында 3 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter