У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Он жылга жакын туугандары тарабынан зордукталып келген 20 жаштагы жигит милицияга кайрылды…


 Жалал-Абад облусунда өзүнүн жакын туугандары тарабынан зордуктоого кабылган жаран милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы маалымат каражаттарына билдирди.
 
Маалыматка ылайык, милицияга 20 жаштагы жабырлануучу кайрылган. Анын айтымында, эки жакын тууганы аны 2011-жылдын жайынан 2012-жылдын кышына чейин зордукташкан. 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын январына чейин арыз ээсин башка тууганы зордуктаган. Жабырлануучу шектүүлөрдүн бардыгына чара көрүүнү суранып милицияга арыз менен кайрылган. 
 
Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter