У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте баңгизат менен алектенген уюшкан топ колго түштү


Бишкекте баңгизатын сатып жүргөндөр колго түштү. ШИИБдин басма сөз кызматынын бүгүн, 30-январдагы маалыматы боюнча, Чүй облусунун аймагында баңгизатын ташуу менен алектенген кылмыштуу топ иштеп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жазык кодексинин 267-беренеси менен иш козголгон. Текшерүү иштеринин алкагында Тоголок Молдо менен Витебск көчөлөрүнүн кесилишинен «Хонда Одиссей» унаасы токтотулган. Анын ичинде айдоочу — 1986-жылы туулган Т.Н., жүргүнчүлөр — 1989-жылы туулган Б.О. менен 1987-жылы туулган У.А. болгон.

Унаанын арткы отургучунун алдынан кара түстөгү баштык табылып, анын ичинен белгисиз жаты бар 3 кг салмактагы зат чыккан. Б.О. кийип турган сырт кийимдин чөнтөгүнөн да 9 грамм зат табылып, бул заттар гашиш экени белгилүү болду. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter