У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Адам өлтүрүүгө шектелип маркумдун досу кармалды

 
Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Мекеменин маалыматына ылайык, кечээ саат 23.30 чамасында Патрулдук милиция Ашымахунов көчөсүндө оор абалда жаткан адамды байкаган. Ал дароо ооруканага жеткирилген. Бирок алган жаракатынан улам 50 жаштагы жабырлануучу медициналык мекемеде көз жумган.
 
Патрулдук милиция кызматкерлери күбөлөрдү сурап, шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Милиция кызматкерлери шектүүнүн үйүнө келишкенде, бөлмөлөрдүн дубалдары кан экенине күбө болушкан. Кылмышка шектүү 48 жаштагы Н.Т. мас абалда болгон. Ал маркум анын досу экендигин айткан.
 
«Ошол күнү кечинде жолугуп, арак ичтик. Сүйлөшүп отуруп уруша кеттик.  Мен аны бир нече жолу уруп, үйдөн чыгарып салдым. Ал кайра келип, ордунан тура албай, экинчи кабаттан кулап кетти, мен аны кайра көчөгө чыгарып салдым. Аны өлүп калат деп ойлогон эмесмин. Буга арак күнөөлүү, мен аябай мас болчумун», - деп билдирген шектүү. 
 
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter