У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башкы Прокуратура: "«Манас» аэропортунун жетекчилиги бюджетке 65 миллион сомдон ашык зыян келтирген"


Башкы Прокуратура «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун жетекчилигинин  чет элдик компания менен мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендигин ачыктады.

"Аэропорттун жетекчилиги 2018-2020-жылдар аралыгында 16 сынакка төрт чет элдик компаниянын уюштуруучусу болуп саналган А.Ш. аттуу жаран менен мыйзамсыз келишимдерди түзгөн. Анын ичинде алардын аффилирленген компаниялары да болуп, алар кымбат баадагы 430 миллион 617 миң 935 сомдук товарларды (атайын техникалар менен жабдуулар) алып келүүгө катышкан. Кээ бир товарларды сатып алууну пландаштыруу этабында бааларга тийиштүү мониторинг жасалбай, өндүрүштүк муктаждыгын эске албастан сатып алынуучу товардын бааларын негизсиз жогорулатып коюшкан.

Аэропорттун жетекчилиги өздөрүнө ыйгарылган укуктардан ашыкча пайдалануу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген, жеке кызыкчылыктардын негизинде пайда табуу максатында сынакты өткөрүү тартибин, мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен кымбат баалуу атайын техникаларды жана жабдууларды жогорулатылган баада сатып алууга келишим түзүшүп, мамлекетке 65 миллион 170 миң 226 сом зыян келтирилген. Чогулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 233-берене (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 234-берене (Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) менен катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп айтылат билдирүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter