У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын тагдыры чечилди


Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өрттөнүп кеткен Башкы прокуратурасынын ордунда долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта техникалык корутундуга жана шаар куруу документтерине ылайык долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланат.

Белгилей кетсек, имарат борбордук мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында. Муниципалдык мүлк башкармалыгынын арызы боюнча өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунан ушул имараттын курулуш конструкциясынын учурдагы абалы жөнүндө техникалык корутунду алынды.

Эскерте кетсек,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурдагы имараты 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда өрттөнүп кеткен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter