У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ТЕЦ аркылуу айыпталгандар БУУга кайрылмай болушту


Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупцияга айыпталгандар Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууну көздөп жатканы тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, алардын мындай кадамына Жогорку соттун акыркы чечиминен кийин Кыргызстанда даттанууга башка мүмкүнчүлүк жок болгондугу себеп болгон.  Ошондой эле даттануучулар ЖЭБдеги коррупция боюнча соттук жараяндарда айыпталуучулардын укуктары сакталган жоктугун айтышууда.

2018-жылдын январында ЖЭБде болгон авариядан кийин ачыкка чыккан коррупция боюнча соттук териштирүү Жогорку сотто быйыл июнда каралган. Мурдагы инстанциялардын чечими дээрлик өзгөртүлгөн эмес. Экс-премьер-министрлер Сапар Исаков 15 жылга кесилген, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Жантөрө Сатыбалдиев жети жыл алты айга кесилген. "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл үч айга түрмөгө кесилген.

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да күнөөлүү деп табылып, эки жыл алты айга түрмөгө кесилген. Бирок алардын тергөө абагында отурган убактысы эске алынып, сот залынан бошотулган.
Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, жаза катары беш млн. сом айыпка жыгылган, ага үч жылга мамлекеттик кызматтарга иштөөгө тыюу салынып, ден соолугуна байланыштуу абактан чыгарылган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова да жаза катары үч миллион сом айыпка жыгылып камактан чыккан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter