У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Милиция: "Ак үйдүн алдындагы зомбулукка каршы акцияга чыккан аялдар тарабай жатат"

Бүгүн, 15-июнда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршыбыз деген отуздан ашуун  жаран Ак үйдүн алдына топтолушту. Коронавирус пандемиясынын шартында бул жол берилбей турган жагдай экенин андагы тартип сакчылары билдиришти.

Активисттер кагазга жазылган “Мени өлтүрбө!”, “Зомбулукка жол жок!”, “Зомбулукту токтоткула!” деген өңдүү чакырыктарды көтөрүп турушат. Милиция пандемияга байланыштуу чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды. Ага карабай катышуучулар таркабай жатканын тартип сакчылары билдиришти.

Ал эми акцияга чыккандар санитардык талаптарга ылайык, 1,5 метрден кем эмес аралыкты сактап, беткап, колкап менен турушканын, эпидемиологиялык эреже бузбаганын билдиришти.

Чогулгандар Сузакта өткөн аптада күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган аялдын, жыл башынан бери күйөөлөрүнүн колунан каза тапкан келиндердин окуясына, Бишкек паркта 13 жаштагы кызды зордуктаган эркектин сотто акталышына коомчулук жана бийлик көңүл бурушу керек деп эсептешет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter