У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Альянс Алтындын” жети жылда ишке ашырган ийгилиги…


Быйыл 2022-жылы «Альянс Алтын» компаниясына 7 жыл толду. Компания расмий түрдө 2015-жылдын июнь айында Талас облусунда каттоодон өткөн. Ошол эле жылдын август айында «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө лицензия алган. 2019-жылы тоо кен өндүрүш иштери колго алынып, 2021-жылдын март айынан тарта калдык сактоочу жай, алтын ылгоочу фабрика толук кандуу ишке кирген. Салтанаттуу ачылышка Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын президенттери катышып, «Жерүй» долбоорунун стратегиялык маанилүүлүгүн тастыктады.

«Жерүй» кени расмий ишке киргенден тартып "Альянс Алтын" компаниясы 2021-жылы 2776 кг алтын өндүрсө, 2022-жылдын январь-апрель айларында 1443 кг алтын өндүргөн.
 
Азыркы учурда "Альянс Алтын" ЖЧКсында 707 кызматкер иштейт. Алардын 60%, башкача айтканда 422си Талас облусунун тургундары жана калгандары башка аймактардан. Аталган облустан тоо-кен ишине 361 адам окутулуп, алардын 201и тандап алуу комиссиясынын жыйынтыгы боюнча "Альянс Алтын" ишканасына ишке алынды. 

Бүгүнкү күндө жогорудагы 707 кызматкерге подряддык компанияларда эмгектенген кызматкерлерди кошкондо 1400дөй кызматкер “Жерүй” кенинде жумуш орду менен камсыз болушкан. 

Бул аралыкта компания Кыргызстандын экономикасына эбегейсиз салым кошту. Ал эми Талас облусун дотациядан чыгарып, кирешелүү алдыӊкы облустардын катарына кошулушун камсыз кылды. Облустун кирешеси 2 млрд. 800 млн. сомго өстү. Миграциянын агымы азайды.
 
“Жерүй” кени ачылып иштей баштагандан бери “Альянс Алтын” ишканасы экономикалык, социалдык, ишкерлик багытта Талас облусуна тынымсыз ар түрдүү жардамдарды берип келе жатат. 

Акыркы жети жылда "Альянс Алтын" ишканасы бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго 6,5 миллиард сом төктү. Ошондой эле, "Альянс Алтын" компаниясынын алдында уюшулган «Альянс Алтын» (мурунку “Бакубат Талас”) фондусуна жети жылдын ичинде 750 миллион сом бөлүнүп, облустун социалдык-экономикалык 441 долбоор жактырылып, ишке ашкан.

Андан сырткары компания "Кирешенин 2 пайызы жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого" беренеси боюнча 391 576 751 сом которду. Бул каражат Талас облусун өнүктүрүү фондуна - 195, 7 миллион сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна - 117,4 миллион сом жана алтын кен жайгашкан Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүү фондуна - 78,3 миллион сомдон бөлүндү.

Ал эми экологиялык маселе «Альянс Алтын» компаниясынын бирден-бир өзгөчө көӊүл бурган багыттарынын бири болуп саналат. Ар бир аткарылган иштер тыкыр көзөмөлгө алынат.

Алсак, алтын иштетүүчү фабрика жана калдыктарды сактоочу жай салынып жатканда иштелип чыккан коопсуздук чаралары европалык жана дүйнөлүк стандарттарга, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамына ылайык түзүлгөн. Тактап айтканда, калдыктарды сактоочу жайдын курулушунда заманбап технологиялардын бардык стандарттары эске алынган. Кооптуу калдыктардын классификаторуна ылайык, кооптуулугу жагынан бешинчи класска (дээрлик коопсуз) кирет. Ошого карабастан алтынды бөлүп алуудан чыккан  калдыктар жарым-жартылай кургак ыкма менен жыйналгандыктан санитардык аймактан тышкары жерге чыкпайт.

Алтын кенден 2 км аралыкта жайгашкан айылдардагы айлана чөйрөнү жана сууну текшерүү боюнча иштер жылына төрт ирет, ар 3 ай сайын жүргүзүлүп турат.

Мына жакында эле ишкананын колдоосу аркылуу айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан иш аракетинин алкагында 2,5 млн сомго атайын Алтай Республикасынан 35 марал алынып келинип, Талас районундагы Беш-Таш коругуна кое берилди. Ушунун өзү эле «Альянс Алтын» компаниясы жаратылышка камкордук мамиле кылууга олуттуу маани берерин далилдеп турат десек жарашат. 

Жаркынай Кадыркулова


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter