У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук банк долларды Кыргызстандан сыртка алып чыгууга тыюу салды


 Улуттук банк коммерциялык банктарга жана акча алмаштыруу жайларына накталай долларды Кыргызстандан сыртка алып чыгууга тыюу салды
Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
 
Белгиленгендей, тыюу коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга тиешелүү. Талап жеке адамдарга жана накталай эмес төлөмдөргө жайылтылбайт.
 
Мындай чечим Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган. 2022-жылдын 11-мартынан тарта накталай АКШ долларын Кыргызстандан сыртка алып чыгууга тыюу салынган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter