У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук банк: Президенттин кайрылуусунан кийин алтын сатып алууну каалагандардын саны өстү


Кыргызстандын Улуттук банкы президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунан кийин алтын куймаларын сатып алууну каалагандардын саны өскөнүн белгилейт.
 
Накталай акча менен иш алып баруу боюнча башкы адис Бермет Эсенгулованын айтымында, акыркы күндөрү банкта узун кезектер пайда болду.
 
«Кээ бир жарандар 100, 30, 20 граммдык алтын куймаларын сатып алгысы келгендиктен кезек күткөндөр көбөйүп жатат. Жарандар бардык жерде кызматка нааразычылыгын билдиришет, бирок биз колдон келишинче мурдагыдай сапаттуу кызмат көрсөтөбүз. Ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша алтын сатып алат. Бүгүнкү күндө 1 грамм салмактагы алтын куймасы 7 миң 780 сом 50 тыйындан сатылууда. Бизде 1, 2, 5, 10, 30, 100 грамм салмактагы куймалар бар. Келе бергиле», - деп чакырды Бермет Эсенгулова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter