У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда эң жогорку пенсия 170 миң сомду түзөт


Кыргызстанда эң жогорку пенсия 170 миң сомду түзөт. Бул тууралуу 24-январда КР Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, мындай пенсияны бир эле адам алат.
 
2020-жылы минималдуу пенсия 1,5 миң сомду түзүп, аны 5 миң 356 адам алган.
 
Ал канча адам канча өлчөмдө пенсия алары тууралуу маалымат берди:
- 1,5 миң сомдон 2 миң сомго чейин - 7677 адам;
 
- 2 миңден 3 миң сомго чейин - 48 миң 753;
 
- 3 миң сомдон 4 миң сомго чейин - 139 миң;
 
- 4 миңден 5 миң сомго чейин - 154 миң 909;
 
- 5 миңден 10 миң сомго чейин - 301 миң;
 
- 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин - 31 миң;
 
- 20 миң сомдон - 2300.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter