У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Электрондук төлөм системасы ачык айкындуулукту камсыз кылат


Электрондук төлөм системасы ачык айкындуулукту, салыктардын дарегине түз жетүүсүн камсыз кылат! Кореялык TGS Holdings корпорациясы Кыргызстандагы автотранспорт тармагына электрондук төлөм системасын киргизүүнү пландоодо. 
 
«Транспорттук карта системасы коомдук транспорт үчүн гана эмес, ыңгайлуулугуна жараша кадимки дүкөн, гипермаркет, соода борборлору жана май куюучу станцияларга да төлөм жүргүзө берсе болот,» -деди TGS Holdings корпорациясынын өкүлү ДЖЕЙСОН ЛИ
 
Түштүк Кореялык TGS Holdings корпорациясынын өкүлчүлүктөрү дүйнөнүн булуң бурчунда, 30дан ашык мамлекеттерде ачылган. Ишкана онлайн шоппинг, азык түлүк товарларын өндүрүү сыяктуу кызмат көрсөтүү тармактарындагы электрондук төлөө системасын ишке ашырып келет. 

 
МЭЭРИМ КУБАНЫЧБЕК кызы, "Thanks Giving Company" ЖЧКсынын Кыргызстандагы өкүлү: «Кореялык адистер иштеп чыккан бул система автобус жана маршруттук таксилер үчүн гана эмес, жеңил унаа менен жүргөн таксилер дагы колдоно алат.  Мунун баардыгы коомдук автотранспорт тармагындагы акча айланууну жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн, ачык айкындуулукту камсыздоо үчүн жасалууда. TGS Holdings корпорациясынын планында Кыргызстанды өндүрүштүк тармак боюнча Түштүк Корея менен Европанын ортосунда көпүрө кылуу да бар» 


 
Түштүк Кореялык ишкана баш калаадагы транспорт тармагына электрондук төлөм системасын киргизүү менен гана чектелбей, Кыргызстанда учурда Европа өлкөлөрундө популярдуу болуп жаткан НУРИ жалбырактарын чыгарган завод ачууну да пландоодо. Мындан сырткары жергиликтүү компаниялар менен биргеликте рамен деп аталган корей кесмесин чыгаруу да пландалууда. Алар КМШ жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолмокчу. 
 
http://www.c-cash.io/index.html


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter