У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 16 млн. доллар баштапы капиталы менен Кыргыз-Венгер фонду ачылды


Бүгүн Бишкекте Кыргыз-Венгер фондунун салтанаттуу ачылышы болду. Фонддун ишмердүүлүгүнүн расмий ачылышы Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сияртонун катышуусунда өттү. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө фонддун кеңешинин коллегиясынын курамы бекитилди.
 
 Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдиргендей, фонддун уставдык капиталы 16 млн АКШ долларын түзөт жана келечекте капиталды 50 млн АКШ долларына жеткирүү күтүлүүдө.

Фонддун директорлор кеңешине беш киши кирет: үчөө Кыргызстандан, экөө Венгриядан. Фонддун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат.
 
Петер Сиярто белгилегендей, Кыргызстан менен Венгрияны көп кылымдардан бери келе жаткан соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелер байланыштырып турат, алар ишенимдүү мүнөзгө ээ жана тең укуктуулук жана өз ара кызыкчылыктарды урматтоо духунда системалуу түрдө өнүгүп келе жатат.
 
Өз кезегинде фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Роберт Грилев фонд Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө басым жасай турганын белгиледи.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter