У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Электр энергиясын үнөмдөө үчүн көчөлөрдөгү жана сейил бактардагы жарыктар түнкүсүн өчүрүлөт


 Электр энергиясын үнөмдөө максатында сейил бактарды жана көчөлөрдү жарыктандырууну түнкүсүн өчүрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, калк арасында электр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп, жарыкты үнөмдөө зарылдыгы жөнүндө айтылууда. Бирок бул кеӊешти угуп, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланбай жатышат.  Натыйжада, электр энергиясын керектөө чектен ашып, көчөлөрдөгү жана сейил бактардагы жарыктар түнкүсүн өчүрүү зарыл б
 
"Биз лимиттерди сактоо үчүн жергиликтүү бийлик менен иштешебиз", - деди Доскул Бекмурзаев.
 
 Ошондой эле, ал күзгө чейин Токтогул суу сактагычына 13 миллиард кубометр суу топтоо пландалып жаткандыгын айтты. Жамгыр жааса, буга жетишсе болот. 2022-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинен 2022-жылдын 1-апрелинде Токтогулдагы суунун көлөмү 9 миллиард кубометр менен кетүү пландаштырылууда.
 
"Электр энергиясын өндүрүү Бишкек шаарынын ЖЭБине жүктөлөт, ошондой эле электр энергиясын импорттоо пландалууда", - деди министр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter