У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Медицина кызматкерлердин айлык акысы 40 пайызга көтөрүлөт


Медицина кызмткерлеринин айлык акысы 40 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн 5-мартта Эл аралык аялдар күнүнө арналган аялдар менен жолугушуу учурунда билдирди. 
 
Президент менен жолугушууда катышуучулар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жеңил өнөр жай жана спорт тармактарындагы бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.
 
Өз кезегинде мамлекет башчысы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрлардын айлык акыны көтөрүү маселеси артыкчылыктуу болуп саналат деп белгиледи.
 
“2021-жылы 1-июлдан баштап медиктердин айлык акысы 40 пайызга көтөрүлөт. Мен 100 пайызга чейин деле көтөрө бермекмин, тилекке каршы бул жылдын бюджетинин алкагында биз 40 пайызга гана көтөрө алабыз. Бирок, мен бул багытта иштер улантыларына ишендирип кетким келет”, -деди Жапаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter