У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан-Кытай: импорттолгон товардын көлөмүндөгү айырма 3 млрд. 600 млн. долларды түзгөн

Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүн жана журналисттик иликтөөлөр боюнча парламентте түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүүдө.
Анын жүрүшүндө журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтар боюнча Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, прокуратура баштаган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маалымат берүүдө.
Алтынбек Торутаев Кытайдан импорттолгон товардын көлөмү боюнча айырмачылык 3 миллиард 600 миллион долларды түзөрүн билдирди. Бажы кызматынын башчысынын маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга 2 миллиард 905 миллион долларлык товар импорттолгон. Анын ичинен Кытайдан былтыр 1 млрд. 942 миллион долларлык товар импорттолгон.
Кытайдын эсеби боюнча 5 миллиард 556 миллион долларлык товар Кыргызстанга жөнөтүлгөнү көрсөтүлгөн. Мындай айырманы Торутаев эки өлкөнүн товарларды эсептөөнүн методологиясынын эки башка болушу менен түшүндүрдү. Методологияны бир стандартка алып келүү аракеттери болгону менен Кытайдын расмий органдары ага көнбөй жатканын Бажы кызматынын башчысы кошумчалады.
Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.
Комиссиянын жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын, УКМКнын өкүлдөрү, "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси катышып, маалымат берген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter