У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тарифти көтөргөнчө, уурдалып жаткан миллиарддаган сомду казынага төктүргүлө


Улуттук энергохолдингдин Стратегиялык өнүгүү жана адам ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Кубаныч Беков бир киловатт-сааттын өз наркы 169 тыйын болсо, сатылган баасы 136 тыйын экенин айтып, электр энергиясынын баасын көтөрүү зарылдыгын "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий - 2020" аталышындагы конгресс-көргөзмөгө катышып жатып айтты. 

Бул туурасында: "Ар бир киловаттына 30-33 тыйындан жетпей калат. Андыктан тарифтерди бери дегенде чыгымсыз иштей турган деңгээлге жеткирүүнү сунуштап жатабыз", -деп билдирди.

Мындай маалыматты уккан элдин кыжыры кайноодо. Коомчулукта “тарифти көтөргөнчө, коммерциялык жана техникалык шылтоолор менен уурдалып жаткан миллиарддаган сомду казынага төктүргүлө!”, - деп сынга алышып, нааразы пикирин айтышууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter