У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ат-Башыга логистикалык борбор курулбайт…

Ат-Башыга логистикалык борбор курулбай турган болду. Элдин каршы чыгышына байланыштуу 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Бул туурасында "Нарын" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Артур Байтереков билдирди. Анын айтымында, инвесторлор буга чейин жердин ижара акысына төлөнгөн 43 миллион сомдон ашык каражатты кайтаруусун сураган.
Байтереков өз сөзүндө: "Логистикалык борборду кура турган "Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы" компаниясы долбоорду жабуу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Учурда биз буга чейин айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор тарабынан төлөнгөн 43 миллиондон ашык сомду кайтаруу жөнүндө өкмөткө кат даярдап жатабыз", — деп маалымдады.
Эл толкуса сел экени билинди. Бийликтин булагы эл экенин Ат-Башы калкы далилдеди. Негизи эле кытайга жер берүү кооптуу болчу. Кызык, инвестор төлөдү деген акчаны кимдер ап этип койду болду экен?..


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter